Абшыр-Ата тарыхый эс алуу жайы

"Абшыр-Ата шаркыратма суусу Ош шаарынан 70 км аралыкта жайгашкан. Деңиз дээңгелинен 1500-2000 метр бийиктикте орун алган. Ага барыш үчүн, капчыгайды дарыянын бою менен болжолду 3 км аралыкты басып өтүүгө туура келет. Мындай шаркыратма дүйнөнүн 4-5 жеринде гана бар деп илим изилдөөчүлөр айтышат.
Абшыр-Ата - фарс тилинен алынганы айтылып жүрөт. "Аб" - суу, "шыр" - "сүт". Демек, "сүттүү суу",-деген маанини түшүндүрөт. Жерден 18-20 метр бийиктиктеги, диаметри 1.5 метр болгон тик асканын тешигинен шаркыраган суу агымы ылдый агат. Диний көз караштагы имиштерден алганда: Абшыр-Ата суусу топон суудан мурда Абу-Зам-Зам менен Хавзи-Кавсардан бөлүнүп чыккан дешет. Дарыянын суусу менен агып келип кошулбай, 300 метрден кийин таштарга урунуп аралашып, жайык жерге келгенде бөлүнүп агат.
Суу пайдалуу, минералдык туздарды камтыйт. Сууну ыйык деп эсептешет. Бул жерден көптөгөн эс алуучулар сууну идишке куйуп алып кетишет. Абшыр-Атанын ыйыктыгы жөнүндө көптөгөн мааламаттар айтылат. Уламышка ылайык, өткөн мезгилде сырдуу жолоочу аса таягы менен аскага чапканда, аскадан сүт агып чыккан экен. Шаркыратманын кайсы жерден агып келгендиги тууралуу так маалымат жок.
Асканын бетинен суу түшкөн жердин түштүк жагында таштын астынан чыккан Шыпаа-Булак деп аталчу ыйык жер бар. Мына ошол сууга жуунса же ичсе, адамдардагы ички оорулар, тышкы теридеги жаралар тез эле жоголот деп айтышат. Балалуу боло албай жүргөндөр кудайдан жакшы ниет кылып, ушул касиеттүү жерден, ата-бабаларынын урматына зыярат кылышса, зыяраты кабыл болгон адамдардын тилеги орундалат.
Абшыр-Ата кооз, кереметтүү, сырдуу жайларга бай. Анын бири Ажы үңкүр. Анын ичиндеги Сырдуу-Таш Дарыянын күн батыш жээгинде жайгашкан. Бул жерге келген эс алуучулар жана зыяратчылар мурда жашап өткөн ата-бабаларга куран окутушуп, садага чалышат. Зыярат кылган адамдын зыяраты кабыл болсо, ошол адам ажыга жол алат экен. Үй-бүлөсүндө тынчтык, жакшылыктар болот деген ишеним бар. Андан кийин үңкүрдүн ичиндеги Сырдуу-Ташка бел, омуртка ооруларынан айыгуу үчүн сыйгаланып түшүшөт.
Made on
Tilda